Эксперт Салтанат Нукенованын өлүмүнүн себебин айтып берди

Астанада Салтанат Нукенованын өлүмү боюнча соттук отурум уланууда. Эксперт Тахир Халимназаров сүйлөп, ал маркумдун башындагы жаракаттар тууралуу айтып берди.

Анын билдирүүлөрүндөгү негизги нерселер:

▪Акыл-эси бар адам дайыма жыгылып, башын дааратканага же башка нерселерге ура берейт;

▪Нукенованын башынан жана мойнунан алган жаракаттары анын муунтуп өлтүрүлгөнүн көрсөтүп турат.

▪Нукенова дем жетишсиздигинен улам үн чыгарган.

▪Нукенова 6-8 саат өлүм алдында жаткан. 

▪Салтанаттын аман калуу мүмкүнчүлүгү аз болчу.

Эксперт манекенде жабыркаган жерлерди белгилеген.