«Эксперттердин корутундусуна таң калдым». Салтанат Нукенованын өлүмү боюнча тергөө аяктады

Казакстандын мурдагы экономика министри Куандык Бишимбаевдин өлтүрүлгөн жубайынын үй-бүлөсүнүн кызыкчылыгын коргогон адвокат Жанна Уразбахова Салтанат Нукенованын өлүмү боюнча тергөө аяктаганын билдирди. Бул тууралуу Казак ЖМКлары жазды.

«Тергөө аяктады. Мурдагы жуманын аягы тергөө аяктаганы тууралуу маалымат беришти. Учурда бул иш боюнча жүргүзүлгөн бардык экспертизалар менен таанышып чыктык. Бирок кылмыш ишинин материалдарын толук көрө элекпиз. Мындай иштер боюнча бир топ тажрыйбам бар, мен мурда адам өлтүрүү боюнча иштерге катышкам, бирок эксперттердин корутундусуна таң калдым. Мындай таш боордукту көргөн эмесмин. Учурда Салтанаттын үй-бүлөсүнө болгон урмат-сыйдан улам биз киши өлтүрүүнүн чоо-жайын айта албайбыз», — деди ал. 

Ал түшүндүргөндөй, тараптар иш материалдары менен таанышып, жактоочулардын өтүнүчтөрүн бергенден кийин иш чечим чыгаруу үчүн прокуратурага жөнөтүлөт. Адвокат бул иш боюнча камакка алынган экинчи адамга Кылмыш-жаза кодексинин 434-беренеси “кылмыш тууралуу билдирбөө” боюнча айып тагылганын божомолдоду.