Беш күн өтпөй! Эквадордо дагы бир саясатчы өлтүрүлдү

Эквадордун Эсмеральдас провинциясындагы «Жарандык революция» саясий кыймылынын лидери Педро Брионес үйүнүн жанында белгисиз адамдар тарабынан өлтүрүлгөнүн анын партиялаштары билдиришти.

Буга чейин Эквадор президенттигине талапкер Фернандо Вильявисенсио шайлоо митингинен кийин өлтүрүлгөн. Окуяга күбө болгондордун айтымында, жалпысынан 30-40 жолу ок атылган. Кол салгандар чогулгандарга граната да ыргытышкан.