Эквадордо жер титиреп, каза болгондор бар

Кечээ, 18-мартта Эквадордо күчү 6,7 баллга жеткен зилзала катталды. Жер титирөөнүн очогу Гуаякиль шаарынан 59 чакырым алыстыкта орун алган.

Дүйнөлүк басылмалар соңку маалыматтарга таянып, 400дөй адамдын жаракат алганын жана 14 киши каза болгонун жазышууда.