Эквадордо президенттикке талапкер митингден кийин өлтүрүлдү (видео)

Эквадор президенттигине талапкер Фернандо Вильявисенсио шайлоо митингинен кийин өлтүрүлдү. Бул тууралуу Эквадордун El Universo гезити жазды. Саясатчынын өлүмүн президент Гильермо Лассо тастыктады.

Шайлоо митинги Эквадордун борбору — Кито шаарындагы мектепте болуп өткөн. Иш-чаранын аягында Фернандо Вильявисенсио мектеп имаратынан чыгып баратканда башына үч жолу ок жеген. Ал ошол жерден каза болгон.

Окуяга күбө болгондордун айтымында, жалпысынан 30-40 жолу ок атылган. Кол салгандар чогулгандарга граната да ыргытышкан. Чогулгандардан сегиз киши жараат алды.

Ecuavisa агенттигинин маалыматына караганда, саясатчыга ок аткан үчөө болгон. Буга чейин эки шектүү камакка алынган. Бирөө аныкталып жатат.