Гаагадагы эл аралык сот Путинди камакка алууга ордер берди

Гаагадагы эл аралык кылмыш сотунун коллегиясы Орусиянын президенти Владимир Путин менен балдар акыйкатчысы Мария Львова-Белованы камакка алууга ордер бергенин интернет сайтында билдирди.

«Бүгүн, 17-мартта Эл аралык кылмыш сотунун II Сотко чейинки палатасы Украинадагы кырдаалга байланыштуу эки адамды: Владимир Владимирович Путинди жана Мария Алексеевна Львова-Белованы камакка алууга ордер чыгарды», — деп айтылат билдирүүдө.

Соттун билдирүүсүнө ылайык, алар Украинанын оккупацияланган аймактарынан калкты (балдарды) Орусия Федерациясына мыйзамсыз депортациялоодон турган согуштук кылмыш үчүн жоопкерчиликтүү болушат.

Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мария Захарованын айтымында, Эл аралык кылмыш сотунун чечимдеринин Орусия үчүн эч кандай мааниси жок, анын ичинде юридикалык жактан да. «Орусия бул орган менен кызматташпайт жана Эл аралык соттун мүмкүн болгон камакка алуу чечими биз үчүн мыйзамдуу түрдө жараксыз болуп калат”, — деди ал.