Эл аралык кылмыш сотунун прокурору «Талибандын» лидерлерин камакка алууга ордер сурады

Эл аралык кылмыш сотунун прокурору «Талибандын» лидери Хайбатулла Ахундзад менен Ооганстандын башкы соту Абдул Хакканини камакка алууга ордер сурады. Бул тууралуу маалымат Эл аралык соттун сайтына чыкты.

Айыптоочунун айтымында, Ахундзада менен Хаккани адамзатка каршы «жыныстык куугунтук» деп айтылган кылмыштар үчүн жоопкерчиликке тартылышы керек. Ооганстандын башчылары өз аракеттери менен Рим келишимин бузуп жатканын айтат прокурор.

Ооганстанда «Талибан» бийликке келгенден кийин өлкөдө аялдарга карата бир катар чектөөлөр киргизилген. Өткөн жылдын декабрь айында бийлик аялдар жүргөн жерде терезе болбошу керек деген мыйзам кабыл алган. Анда короо, коңшунун үйү же короосу, аялдар колдонгон жайлар көрүнө турган терезе орнотууга тыюу салган.