«Эл сени менен». Куандык Бишимбаевдин иши боюнча прокурорго суктангандардын саны артууда (видео)

Казакстанда каза болгон Салтанат Нукенованын жолдошу, Казакстандын мурдагы министри Куандык Бишимбаевдин соттук отуруму өтүп жатат. Түз эфирде миңдеген адамдар көрүп отурушат.

Коомчулук сотту жана экс-министрдин жактоочуларына болгон кыжырданууну социалдык тармакта ар кандай видеолор менен билдирип жатышкан учуру. Бишимбаевдин Тез жардам чакырбай, «көзү ачыкка чалгам» дегени, анын өлүмүнө мен күнөөлүү эмесмин деп, унитаз менен полду күнөөлүү кылганы жатканы коомчулуктун жакасын карматты.

Ошол эле учурда Нукенованын бир тууганына жана прокурорлорго күч-кубат тилеп жатышат. Прокурорлордун бири — Айжан Аймаганова. Ал 1987-жылы 6-мартта Петропавловскто туулган. Коомчулук аны «сатылбаган адам» катары баалап, ага суктанышууда. Атүгүл анын атынан Инстаграмда фейк аккаунттар пайда болду. Бирок ал кайрылуу жасап, Инстаграмга кирбей турганын айткан. Кайра кайрылуу жарыялап, соцтармакка катталганын билдирди.