«Элибиз болгону кайгысыз жашоону каалайт». Кайрат Нуртас Казакстанда болуп жаткан кырдаал боюнча үн катты

Казакстанда газдын кымбатташына каршы митинг 2-январдан бери уланууда. Нааразычылык акциясына чыккандардын саны көбөйүп, облус, шаарлардан эл топтолуп жатат. Казакстандын эстрада ырчысы Кайрат Нуртас да акыркы учурдагы абал тууралуу өзүнүн Инстаграм баракчасына пикирин жазды.

«Калк — Алланын бир аты, казак эли өтө сабырдуу, көтөрүмдүү, көтөрүлүшкө себепсиз чыга бере турган калк эмес. Дал азыркы жагдайда мен батыштагы агайларды колдойм. Себеби эл арасында жүрөм, алар Кайрат Нуртас болуп калыптанышыма себепкер болушкан. Ошондуктан калктын муң, муктаждыгын жеткирүүгө акым бар. Элдин турмуштук жагдайы төмөндөп кетти. Эч өзгөрбөгөн айлык-акыга карабай азык-түлүктөн баштап баары кымбаттады. Элибиз болгону убайым, кайгысыз жашоону каалайт. Өкмөт башчылардын эл Алланын аманаты экенин унутпоосун суранам. Президент Касым-Жомарт Токаев тез арада оң чечим чыгарат деп үмүт кылам. Элибиз тынч, журтубуз аман болсун!» — деп жазган казак ырчысы.