Елизавета IIнин сөөгү Виндзорго жолдошунун жанына коюлду (сүрөт)

Улуу Британиянын ханышасы Елизавета IIни акыркы сапарга узатуу аземи Виндзор сепилинде өттү. Ал жолдошу ханзаада Филипптин жанына коюлган. 

Ага чейин табыттан таажы, таяк жана шар алынган. Алар Виндзордун башкы дин кызматчысына тапшырылган, бирок андан кийин падышалык зергер бул буюмдарды императордук асыл таштар сакталган Лондон Тауэрге жеткирет.

Ханышаны акыркы сапарга узатуу боюнча коомдук иш-чаралар аяктады. Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 19-сентябрь күнү кечинде өттү. Ага падыша Карл III жана падышалык үй-бүлө мүчөлөрү катышты. Елизавета II коюлган чиркөөгө анын ата-энеси падыша Георгий VI жана ханыша Елизавета, ошондой эле анын эжеси ханыша Маргареттин күлү коюлган.