Эмчектеги баласы менен такси айдаган келинге Астанадан үй берилет

Колунда беш айлык баласы менен таксист болуп иштеген астаналык келиндин окуясы уланды. Эми ал такси айдабайт, айып пулдун баары жабылды, декабрда ага батир беришет. Бул тууралуу Казак ЖМКлары жазып чыгышты. 

Маалыматтарга караганда, “Биз Биргебиз” коомдук фондунун жетекчиси астаналык келин тууралуу видео чыккандан кийин ар кандай курулуш компаниялары менен байланышып, аялдын турак-жай маселесин карап жатканын билдирди. «Актөбөдөн келген меценат Молдир Сүйүншали менен байланыштык. Астанада үйлөрдү курат. Бир ай мурун ал биздин фондго жаңы турак жай комплексинен батир алган. Социалдык тармактардан Асел менен тартылган видеону көрүп, Молдирге ушул батирди белекке берүүнү сунуштадым. Ал макул болду, мен Аселге бардым», — деди ал.

Батир расмий түрдө декабрь айында берилет, ал беш айлык кызы жана 12 жаштагы уулу менен жашаган жатаканадан көчүп кирет.

Буга чейин социалдык тармактарда 5 айлык кызы менен такси айдаган келиндин видеосу жарык көргөн. Видеонун Казакстанда тартылганы маалым болгон.