Эмдөөдөн өткөн адамга коронавирус жуккан учурда кандай белгилер байкалат?

Британиянын окумуштуулары вакцина алган гана адамдарда байкала турган коронавирустун белгилерин аныкташты. Бул тууралуу Express басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, вакцина COVID-19дан олуттуу коргоону камсыз кылат. Тактап айтканда, алар оорунун жеңил өтүшүн шарттап, вирустун жугуу мүмкүнчүлүгүн азайтат. Бирок эмдөөдөн кийин деле инфекция жуктуруп алуу коркунучу бар. Изилдөөчүлөрдүн айтымында, вакцина алган адам кайра коронавирусту жуктуруп алган болсо, аны чүчкүрүк коштойт. Дал ушул белги эмдөөдөн өткөн адамдын кайра ооруну жуктуруп алганда аныкталган алгачкы белги болгон. Вакцинацияланбаган адамдарда чүчкүрүк суук тийүүгө же аллергияга байланыштуу экендиги белгиленди.