Эми Америкага баруу жеңилдейби? Байден Трамптын чет өлкөлүктөргө киргизген чектөөлөрүн жокко чыгарды

Америка Кошмо Штаттарынын президенти Жо Байден мурдагы мамлекет башчысы Дональд Трамптын чет өлкөлүктөргө киргизген чектөөлөр жарлыгын жокко чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Байден Трамптын 2020жылдын март айларында коронавируска байлануштуу деп «АКШнын эмгек рыногуна коркунуч жараткан иммигранттардын» өлкөгө кирүүсүнө чектеген жарлыгын жокко чыгарган. Анда Байден АКШ дүйнө элинин жөндөмдүү адамдарына муктаж экенин, ошондой эле чет жерден келгендердин санын азайышы өлкөнүн экономикадагы бир нече тармагына кедергисин тийгизерин айттып, Трамптын мигранттарга карата саясатын таккыр колдобооркн айткан.

“Мындай Трамптын чечимдери АКШнын кызыкчылыгына туура келбейт. Тескерисинче, ал  зыянын тийгизет. Мисалы, АКШ жарандарынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн, туруктуу жашоо статусунун ээлеринин өз бүлөсү менен биригишине тоскоолдук жаратат», — деп айткан Байден өз сөзүндө.