Эми Казакстанга кирүүдө эмдөө паспортунун жана ПЦР-тесттин кереги жок

Казакстан чек арадан өтүүдө ПЦР-тестин жана эмдөө паспортун көрсөтүү талабын жокко чыгарууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Мындай чечим өлкөдөгү жана дүйнөдөгү эпидемиологиялык абалдын турукташып калганын эске алуу менен Казакстанда коронавирустун алдын алуу жана жайылышын көзөмөлдөө боюнча ведомстволор аралык комиссия тарабынан кабыл алынган.

Маалыматка караганда, чечим эртең, 8-июндан тарта күчүнө кирет.