Түштүк Кореяда иттин этине тыюу салынганы жатат

Түштүк Кореянын бийлиги иттин этин жегенге тыюу салууну пландап жатканын Korea Herald басылмасы жазды.

Аталган өлкөнүн “Жарандык күч” бийликчил партиясынын депутаттары оппозициянын иттин этин колдонууга толук тыюу салуу демилгесин колдошту. Маселе эми парламенттин акыркы жыйынында каралат, ал 9-декабрда аяктайт.

Бийликчил партиянын саясий комитетинин башчысы Пак Дэ Чеол белгилегендей, өлкөдө 10 миллиондон ашык үй-бүлө үй жаныбарларын багат, ошондуктан өкмөт чара көрүп, жарандарга ит жегенге тыюу салышы керек.

Түштүк Корея дүйнөдөгү иттин этин керектөө маданияты сакталган саналуу өлкөлөрдүн бири бойдон калууда. Бирок акыркы бир нече жылда өлкөдө иттин этин керектөө кескин кыскарган.