Эмомали — Эммануэл… Жеңиш парадында тажик президентин атоодо жаңылышты (видео)

Орусиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен чогуу Москва шаарындагы Кызыл аянттын трибунасына келди. Анда Жеңиш парады болуп өттү.

Эки өлкөнүн лидери өз ордуна келген учурда Биринчи каналдын алпаруучусу Эмомали Рахмонду атоодо Эммануэл Рахмон деп жаңылыштык кетирди. Ката кетиргенин түшүнгөн алпаруучу дароо эле оңдоду. Бирок соцтармактарда бул учур кызуу талкууга алынып жатат.