Эмомали Рахмон кызын Улуу Британияга элчи кылып дайындады

Тажикстандын президенти Эмомали Рахман өз кызы Рухшона Эмомалини Улуу Британия менен Түндүк Ирландияга элчи кылып дайындады. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн президентинин сайтына жарыяланды.

2018-жылдын сентябрынан бери бул кызматты башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулган Масуд Халифазода ээлеп келген. Рухшона Эмомали буга чейин республиканын Тышкы иштер министрлигинде иштеген.