Эмомали Рахмон Тажикстан коронавирусту толук жеңгенин жарыялады

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон өлкө коронавирусту толук жеңгенин жарыялады. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.

“Коронавирус пандемиясына каршы күрөшүү үчүн ооруканаларда 7 миңден ашуун орундар түзүлгөн, аларды 5400 медициналык кызматкер тейледи. Коронавирус өлкөбүздө жок. Биз аны толук жеңдик”, — деди Рахмон парламентке кайрылып.

Ал муну менен катар өлкөдө бардык санитардык нормалар сакталарын кошумчалады.

Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги билдиргендей, өлкөдө соңку 15 күндөн бери коронавирус жуктурган адамдар катталган жок.