Эмомали Рахмондун кайненеси каза болду. Ал ооруканага коронавирустун белгилери менен жаткырылган эле

Гастроэнтерология институтунун Мансуров клиникасына коронавирус белгилери менен жаткырылган Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун кайненеси Узбекби Асадуллоева 5-июль күнү кечинде көз жумду. Бул тууралуу «Озоди» жазып чыкты.

88 жаштагы Узбекби Асаддулоева Тажикстандын биринчи айымы Азизамох Асадуллоеванын жана «Ориенбанктын» төрагасы Хасан Асадуллозоданын апасы беш күндөн бери дарыгерлердин көзөмөлүндө жаткан. Ассадуллоеванын өлүмүнүн себептери расмий айтылган жок. Буга чейин Гастроэнтерология институтундагы булак Асадуллоеванын коронавирусту жуктуруп алганын жана дем алдыруучу аппаратка туташтырылганын айткан. 

Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрилигинен ушул жылдын башынан бери Тажикстанда коронавирус жуктургандар каттала электигин айтып келишкен. Ал муну менен социалдык тармакка тарап жаткан, «коронавирус илдети күчөп жатат» деген сөздөргө чекит койгон. Мындан тышкары, ушул жылдын башында Тажикстан коронавирусту жеңгенин жарыялаган. Расмий маалыматтарга ылайык, пандемия башталгандан бери 13 миң 308 адамдан илдет аныкталса, анын ичинен 90 адам каза болгон.