Эмомали Рахмондун карындашы көз жумду. Ал ооруканага коронавируска шектелип жаткырылган эле

Кечээ, 20-июлда, 64 жаш курагында Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун карындашы Курбонби Рахмонова көз жумду.

Анын өлүмүнүн себеби расмий айтылган жок. Бирок атын атагысы келбеген  дарыгер «Озоди» радиосуна Рахмонова COVID-19 оорусунан көз жумганын айткан. Анын айтымында, маркумга коронавирус диагнозу коюлган, он күн бою дарыгерлер анын өмүрү үчүн күрөшкөн. 

Курбонби Рахмонова 2012-жылдын июнь айында Дүйшөмбү шаарындагы үйүнүн жанында Макаров тапанчасынан бир нече жолу ок чыгарып өлтүрүлгөн Токой чарбасы жана аңчылык мамлекеттик унитардык ишканасынын директору Холмумин Сафаровдун жубайы болчу.

5-июлда Эмомали Рахмондун кайненеси Узбекби Асадуллоева да коронавирустан көз жумган. Бирок анын өлүмүнүн себеби да расмий айтылган эмес.

Тажикстандын Саламаттыкты сактоо министрилигинен ушул жылдын башынан бери Тажикстанда коронавирус жуктургандар каттала электигин айтып келишкенАл муну менен социалдык тармакка тарап жаткан, «коронавирус илдети күчөп жатат» деген сөздөргө чекит койгон. Мындан тышкары, ушул жылдын башында Тажикстан коронавирусту жеңгенин жарыялаган.