Эне секелек кызын кыштын суугунда ич кийимчен сыртка чыгарып койгон

Коңшу өлкөнүн Нур-Султан шаарында эне секелек кызын кыштын кыраан чилдесинде короого ич кийимчен чыгарып койгону талкуу болуп жатат. Аял мындай кадамы менен кызын укпай койгонун жана эркелигин тарбияламакчы болгон. 8 жаштагы кызынан башка 6 жаштагы да уулу бар экенин коңшулары айтып беришип, энеси балдарга көп кол көтөрөрүн билдиришкен.

Полиция кызматкерлери бул үй-бүлөнү каттоого алганы жана ар тараптан иликтенип жатканы маалым болду.