Эрдоган Түркиядагы жер титирөөдөн жабыркагандардан кечирим сурады

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган өлкөдөгү катуу жер титирөөдөн кийин куткаруу иштеринин кечеңдеши үчүн кечирим сурады. 

Ал Түркиянын түштүк-чыгышындагы жер титирөөдөн эң чоң зыян тарткан Адияман провинциясына барганда кечирим сурады. «Жер титирөөнүн кыйратуучу таасири жана жаман аба ырайынан улам Адыяманда алгачкы күндөрү каалагандай куткаруу иштерин жүргүзө албадык албадык. Бул үчүн кечирим сурайм», — деди Эрдоган.