Эрдогандын миокард инфарктына кабылганын бийлик четке какты

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын инфаркт алганын түрк басылмалары жазып чыгышкан. Президенттин администрациясы муну четке кагып, суук тийген деп айтууда. Анын бүгүнкү иш-чараларга онлайн катышары айтылууда. 

Кечээ, 26-апрелде түз эфир учурунда түрк президенти өзүн начар сезип, эфир үзгүлтүккө учурады. Дүйнөлүк басылмалар Эрдоган миокард инфарктына кабылганын боолголошууда. Ал эми тыныгуудан кийин эфирге чыккан түрк президенти көп иштен улам чарчап чаалыкканын айткан.

2 аптадан кийин, тагыраагы 14-майда Түркияда президенттик шайлоо өтөт. Негизги атаандаштар катары Режеп Тайып Эрдоган менен оппозиция лидери Кемал Кылычдароглунун аттары аталууда.