Ереван Европа биримдигине кирүү жараяны башталганын жарыялады.
Армения Өкмөтү Евробиримдикке кирүү боюнча мыйзам долбоорун жактырып, парламентке жөнөттү. Премьер Никол Пашинян мындай чечим референдумда «жол картасы» иштелип чыккандан кийин кабыл алынарын белгиледи. «Ереван муну менен мамлекеттин кызыкчылыгына негизделген көз карандысыз тышкы саясаттын багытын тастыктайт», — деди ал.