Еревандагы соода борбордон чыккан өрттөн каза болгондордун саны 7 кишиге жетти

Еревандагы «Сурмалу» соода борборундагы жарылуудан каза болгондордун саны 7 кишиге жетти. Бул тууралуу Армениянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өкүлү Айк Костанян билдирди.

«7 адам көз жумду», — деди Костанян. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлери издөө-куткаруу иштерин улантышууда.

Буга чейин куткаруучулар алты адамдын, анын ичинде үч аял жана бир эркектин каза болгонун билдиришкен, дагы эки адамдын өздүгү тактала элек. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин башчысы Армен Памбухчян 23 кишиге медициналык жардам көрсөтүлүп жатканын билдирген. Мындан тышкары, дайынсыз жоголгондордун тизмеси жарыяланды, анда 17 адам бар.

Еревандагы соода борборунда жарылуу 14-августта болгон. «Новости-Армения» порталы фейерверктер турган кампа күйүп кеткенин жазды.