Эринин коррекциялаткан кыз үрөй учурган видео менен бөлүштү

Учурда ТикТокто эринин коррекциялаткан кыздын видеосу желдей тарап, аны 2 миллиондон ашуун адам көрдү. Анда кыз ийгиликсиз сулуулук процедурасына кабылганы көрсөтүлгөн. 

Маалыматка караганда, видеодогу Казак кызы. Январь айында Астананын 22 жаштагы Кира аттуу тургуну эрининин формасын оңдоо үчүн борбордогу косметологиялык клиникалардын бирине кайрылган, бирок ал процедура ал үчүн мындай болорун күткөн эмес. Кыз үйүнө келип, кесепетин көрүп жакынкы дарыканага барган. Ал жердеги сатуучу ага Тез жардам кызматын чакырган. 

Tengri Lifestyle басылмасына кыз маалымат берип, ал процедура учурунда сайылган дарыга аллергиясы бар экенин айткан. Ал эриндеринин формасын оңдоо процедурасына биринчи жолу барган эмес, бирок дененин мындай реакциясы биринчи жолу болгон. «Абдан корктум. Азыр жакшы болуп калды. Бул мага жакшы эле сабак болду. Эми мындай кадамга барар алдында аллергияга тест тапшырып анан сайдырам», — деген ал.