Талибан бийлиги бул ирет аялдардын улуттук сейил бакта сейилдөөсүнө тыюу салды. Мунун себебин министрдин милдетин аткаруучу Мохаммад Халед Ханафи аялдардын сейил бакта хиджаб салынуунун эрежелерин туура сактабагандыгы менен түшүндүргөн.
«Банди-Амир сейил багына кирүү эрежелерин түзүп бергиче, биздин эже-карындаштарга кирүүгө чектөө салынат. Буга коопсуздук кызматынын күчтөрү жана аксакалдар кеңеши чара көрүшү керек!» — деп билдирген ал.
Банди-Амир — бирден бир белгилүү улуттук сейил бак. Бул сейил бак туристтер, жана жергиликтүү калк үчүн эс алууга ыңгайлаштырылган. Банди-Амир өлкөнүн алгачкы улуттук сейил багы катары 2009-жылы ачылган жана үй-бүлөлүк эс алуучу жер катары кеңири таанылган.