«Эсиңизге келиңиз!». 91 жаштагы Канаданын экс-премьери Жан Кретьен Трампка кайрылды

91 жаштагы Канаданын экс-премьери Жан Кретьен Трампка каршы күрөшүү үчүн Канада, Дания, Панама жана Мексиканын лидерлерин жолугушуу өткөрүүгө чакырды.

Жан Кретьен The Globe and Mail басылмасына жазган макаласында коркунучтарды жоюу үчүн план керек экенин айткан. «Трамп мырза оозун ачкан сайын союздаштарыбыздын саны өсүп жатат. Келгиле, биригели!» — деген ал.

Кретьен АКШнын жаңы шайланган президентине «Эсиңизге келиңиз! Канадалыктар АКШга кирүү үчүн ушундай керемет өлкөдөн баш тартат деп ойлогонуңузга эмне түрткү болду?» — деп кайрылган.

Буга чейин Трамп Канада кошулган АКШнын жаңыланган картасын көрсөтүп, Канаданы өлкөнүн 51-штаты кылууну сунуштаган. Ал Трюдону Канаданын губернатору деп да атаган.