Эстониялык акробат Яан Руз Босфор кысыгынан Азиядан Европага өттү. Бул тууралуу Hurriyet гезити жазып чыкты.
1074 метр узундуктагы темир аркан 165 метр бийиктикте Стамбулдагы көпүрөнүн мамыларынын ортосуна тартылды. Спортчу жолду 47 мүнөттө басып өттү.
Руздун айтымында, Босфор эки континентти бириктирип гана тим болбостон, миң жылдык тарыхы жана маданий мааниси бар, ошондой эле укмуштуудай кооз. «Мен тарых жаратканыма бактылуумун», — деди ал.
Индияда кыйраган учак жатакананын чатырына түшкөнүн Tengrinews.kz жазды. Учак Ахмедабад аэропортуна жакын жердеги дарыгерлердин жатаканасына кулап түшкөнүн жергиликтүү полиция кызматкери...
Air India компаниясы учагы Индиянын батышында кыйраганын тастыктады. Boeing 787-8 бортунда 242 адам менен Лондонго учуп бара жаткан. Жергиликтүү TimesNow...
Индияда Air India авиакомпаниясынын Boeing 787-8 Dreamliner учагынын кыйрашынан 30 адам каза болду. Бул тууралуу News18 басылмасы билдирди. Индиянын премьер-министри...
Индияда кыйраган жүргүнчү учагынын видеолору пайда болду. Бул тууралуу "Тенгри" жазды. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыйроого Ахмедабаддан Лондонго учуп бараткан...