Эстониялык акробат бийиктикте Азиядан Европага басып өттү (видео)

Эстониялык акробат Яан Руз Босфор кысыгынан Азиядан Европага өттү. Бул тууралуу Hurriyet гезити жазып чыкты.

1074 метр узундуктагы темир аркан 165 метр бийиктикте Стамбулдагы көпүрөнүн мамыларынын ортосуна тартылды. Спортчу жолду 47 мүнөттө басып өттү.

Руздун айтымында, Босфор эки континентти бириктирип гана тим болбостон, миң жылдык тарыхы жана маданий мааниси бар, ошондой эле укмуштуудай кооз. «Мен тарых жаратканыма бактылуумун», — деди ал.