«Эт жебейм, зоопаркка барбайм». Казакстандын 32 жаштагы жаңы экология министри тууралуу дагы эмне белгилүү?

Сулейменова Зульфия Булатовна Казакстандын экология жана жаратылыш ресурстары министри болуп дайындалганын Акорданын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал 1990-жылы Актөбө шаарында төрөлгөн. Евразия улуттук университетин бүтүргөн. Эмгек жолун 2014-жылы Глобалдык саясат жана коопсуздук борборунун аймактык жана глобалдык коопсуздук бөлүмүндө илимий кызматкер болуп иштөө менен баштаган. 2020-2021-жылдары Казакстандын Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министрлигинде жетекчилик кызматтарда иштеген. 2021-жылдын январынан бери VII чакырылыштагы казак парламентинин мажилисинин депутаты. 2022-жылдын 14-мартынан бери Казакстандын Экология, геология жана жаратылыш ресурстары министринин орун басары болуп иштеп келген.

Берүүлөрдүн биринде Зульфия Сулейменова эт жебей турганын, аң териден жасалган кийим кийбей турганын, дельфинарийлерге, зоопарктарга барбай турганын айткан. «Мен шуба кийбейм, эт жебейм. Жаныбарларга адамгерчилик менен мамиле кылууну өзүбүздөн баштоо керек деп эсептейм. Мен жаныбарларга сыналган косметиканы колдонбойм, зоопарктарга, дельфинарийлерге барбайм, бул менин жеке чечимим», — деген ал.