Италияда жанар тоо атылгандан кийин аэропорт ишин токтотту (видео)

Италиянын Сицилия аралындагы Этна жанар тоосу атылып баштаганын дүйнөлүк басылмалар жазышты.

Өлкөнүн Улуттук геофизика жана вулканология институту жанар тоонун түштүк-чыгыш кратеринде 3 миң метрден ашык бийиктикте атылышын каттады. Лава агымын жергиликтүү тургундар көрүшкөн. Бирок Сицилиядагы күл жана түтүндөн улам Катания шаарындагы аэропорттун иши убактылуу токтотулган.