Евгений Петросяндын имплант тиш салдырган соң реанимацияга түшкөнү маалым болду
Куудул Евгений Петросяндын ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымат тарады. 4-майда белгилүү болгондой, юморист тиш имплантын орноткондон кийин оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Бул тууралуу" target="_blank">https://www.starhit.ru/novosti/evgenii-petrosyan-popal-v-reanimaciyu-posle-ustanovki-zubnogo-implanta-882925/"> СтарХит жазды.
Азыр 77 жаштагы куудул дарыгерлердин көзөмөлүндө, анын өмүрүнө эч нерсе коркунуч туудурбайт. «27-апрелде тиш доктурга имплант орнотуу үчүн барган. Процедурадан кийин ылдыйкы жаагындагы жарааттан тынымсыз кан агып жатканына даттана баштаган. Бир нече күндөн кийин Евгений Вагановичтин абалы начарлап кеткен – баш айлануу, чыйрыгуу, көкүрөктөгү ыңгайсыздык жана жүрөк айлануу пайда болгон», - деп айтылат маалыматта.