Евгений Петросяндын имплант тиш салдырган соң реанимацияга түшкөнү маалым болду

Куудул Евгений Петросяндын ооруканага жаткырылганы тууралуу маалымат тарады. 4-майда белгилүү болгондой, юморист тиш имплантын орноткондон кийин оорукананын реанимация бөлүмүнө жаткырылган. Бул тууралуу СтарХит жазды.

Азыр 77 жаштагы куудул дарыгерлердин көзөмөлүндө, анын өмүрүнө эч нерсе коркунуч туудурбайт. «27-апрелде тиш доктурга имплант орнотуу үчүн барган. Процедурадан кийин ылдыйкы жаагындагы жарааттан тынымсыз кан агып жатканына даттана баштаган. Бир нече күндөн кийин Евгений Вагановичтин абалы начарлап кеткен – баш айлануу, чыйрыгуу, көкүрөктөгү ыңгайсыздык жана жүрөк айлануу пайда болгон», — деп айтылат маалыматта.