Евгений Петросяндын ооруканага жаткырылганы айтылды

Артист Евгений Петросян во время премьеры фильма режиссера Карена Шахназарова «Хитровка. Знак четырех» в кинотеатре «Октябрь».

79 жаштагы юморист-жазуучу, орус эстрада артисти Евгений Петросян бүгүн, 8-март күнү эртең менен Москвадагы ооруканага жаткырылганын анын жакындары билдирген. 

Маалыматтарга караганда, ал ичеги-карынына кан толуудан жабыркап жатат. REN TV каналынын маектешинин айтымында, ал оор абалда реанимацияда жатат.