Евробиримдиктин аймагында Орусиянын учактарына конууга, учууга же учуп келүүгө тыюу салынды

Европалык биримдик бүгүн, 28-февралдан тартып Евробиримдиктин аймагында Орусиянын учактарына конууга, учууга же учуп келүүгө тыюу салды. Бул тууралуу ТАСС жазды.

Евробиримдик Russia Today жана Sputnik телеканалдарына да аталган союзга кирген өлкөлөрдө тыюу салат. Мындан тышкары, Евробиримдик Орусиянын Борбордук банкы менен бардык операцияларга тыюу салат. Беларуска да каршы экономикалык жана жеке санкциялар киргизилип жатканы айтылат.