Европа соту Валентина Чупикти Орусиядан депортациялоого тыюу салды

Адам укуктары боюнча Европа соту укук коргоочу Валентина Чупикти Орусиядан Өзбекстанга депортациялоого кеминде 17-октябрга чейин тыюу салды. Соттун чечимин адвокат Дарья Тренина Facebook баракчасына жарыялады.

Анын айтымында, сот Валентина Чупикке карата 39-эрежени колдонгон. Бул мамлекетке өмүргө жана ден соолукка олуттуу жана орду толгус зыян келтирүүгө алып келүүчү аракеттерди жасоого тыюу салуу же мамлекетке мындай зыянды болтурбоо боюнча көрсөтмө берүүдөн турат. Көпчүлүк учурда, 39-эреже экстрадициянын же өлкөдөн чыгаруунун токтотулушунан колдонулат.

Көп жылдардан бери Орусияда Борбор Азиядан барган эмгек мигранттарына жардам берип келген белгилүү укук коргоочу Валентина Чупиктин 25-сентябрда Шереметьево аэропортунан кармалганы айтылган. Валентина Чупик — Өзбекстандын жараны. Ал өз өлкөсүндө да адам укуктары боюнча иштерге да активдүү катышчу. Ал бир нече жыл мурун чалгындоо кызматынан коркутууларды ала баштагандан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Валентина Чупик аларга каршы арыз жазган. Он миңдеген мигранттар аны билишет. Ал адвокаттар менен бирге аларга юридикалык жардам көрсөтөт, эгерде Борбор Азиядан келген жарандар негизсиз кармалса, дайыма полиция бөлүмдөрүнө барып, аларга жардам көрсөтчү.