Европада быйыл ысыктан 15 миңдей адам каза болгон

2022-жылы Европа аймагындагы аномалдуу жогорку температурадан улам ысып кетүүдөн кеминде 15 миң адам каза болгон. Бул тууралуу Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму жарыялаган баяндамада айтылат. Документ Египеттин Шарм-эш-Шейх шаарында өткөн климаттын өзгөрүшү боюнча БУУнун конференциясында берилди.

Алсак, жай мезгилинде гана Германияда ысыктын фонунда өнөкөт оорулардын күчөп кетишинен 4,5 миңге жакын адам, Испанияда дээрлик 4 миң, Улуу Британияда 3,2 миң, Португалияда 1 миңден ашуун адам каза болгон. Франция ушул жылдын 1-июнунан 22-августуна чейин өлүмдүн деңгээли 2019-жылдын ушул мезгилине (COVID-19 пандемиясына чейинки өткөн жыл) салыштырмалуу 11 миңге көп болгонун аныктаган. Буга ысык аба табы себеп болушу мүмкүндүгү божомолдонот. 

2022-жылдын июль айы Европадагы эң ысык мезгилдердин бири болгон. Температуранын рекорддору Францияда, Португалияда, Ирландияда, Швецияда, Улуу Британияда болгон. Ошондой эле, аномалдуу ысык аба ырайы Испанияда катуу кургакчылыкка алып келди. Француз дыйкандары кургакчылыктын кесепетинен мөмө-жемиштердин күтүлгөн түшүмүн дээрлик 34 пайыз жоготкондугун белгилешти.