Европада катуу суу ташкындары болуп, 6 адам каза болду (видео)

3 өлкөдө кеминде 6 адам Борбордук Европадагы катуу селдин курмандыгы болду. Бул тууралуу Euronews жазды. «Борис» бороону нөшөрлөгөн жамгырды жана бороон-чапкындуу шамалды алып келди.

Нөшөрлөгөн жаандан улам миңдеген үйлөрдү суу каптап, 6 киши каза болду. Кырсыктан эң көп зыяны Австрия, Чехия, Польша, Румыния, Словакия жана Венгрияга тийген.