Европада коронавирустун үчүнчү толкунуна байланыштуу чектөөлөр күчөтүлдү

Европа мамлекеттеринде коронавирустун үчүнчү толкунуна байланыштуу чектөөлөр күчөтүлдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Германия Польша менен чек арада көзөмөлдү күчөтүп жатат. Өлкө бийлиги буга чейинки чектөөнү узартуу боюнча бүгүн, 22-мартта жыйынга чогулуп, карантиндик чараларды 18-апрелге чейин узартуу маселесин карашты.

Ошондой эле Польша, Франция жана Украинада вирусту жугузгандар көбөйүп жаткандыктан аларда чектөөлөр киргизди. Бирок узакка созулган чектөөлөр Европанын бир катар өлкөлөрүндө нааразылык жаратып, дем алышта Германия, Нидерланддар, Швейцария жана Сербиянын миңдеген жарандары коронавируска карата чектөөлөргө каршы митингдерге чыгышкан.