Европанын дагы бир өлкөсү Орусиянын “Sputnik V” вакцинасын өндүрүүнү пландоодо

Венгрия өз аймагында Орусиянын коронавируска каршы “Sputnik V” вакцинасын өндүрүүнү пландоодо. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Питер Сийярто маалымдады.

Дипломаттын айтымында, өлкө бийлиги буга чейин Москва менен тийиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышкан.  Венгрияда Орусиянын лицензиясынын негизинде вакциналарды чыгарууга даяр экенин билдирүүдө. Ошондой эле, 1-июнда Словакия бийлиги коронавируска каршы эмдөөдөн өтүүнү каалагандарды орусиялык “Sputnik V” вакцинасы менен каттай баштаганы белгилүү болду. Өлкөдө орусиялык дары менен эмдөө 7-июнда башталат деп пландаштырылган.  Белгиленгендей, дары Братиславада жана Словакиянын дагы жети шаарында сатылат.

Учурда 60ка жакын өлкө Орусиянын вакцинасын каттоодон өткөрдү. Орусиядан тышкары Бразилия, Казакстан, Беларусь, Сербия, Аргентина, Индия, Түштүк Корея, Кытай, Германия, Италия жана Египетте вакцина өндүрүү жүрүп жатат же даярдалууда.