Facebook, Instagram жана WhatsApp’тын үзгүлтүккө учурашы. Марк Цукерберг дээрлик 7 миллиард долларын жоготту

Фейсбуктун үзгүлтүккө учурашына магистралдык роутерлердин конфигурациясынын өзгөрүшү себеп болгон. Бул тууралуу компаниянын инженерлер тобуна шилтеме берүү менен РИА Новости жазып чыкты. 

«Биздин маалымат борборлорубуздун ортосундагы тармактык трафикти координациялоо үчүн жооптуу болгон магистралдык роутерлердеги конфигурация өзгөрүүлөрү байланышты үзгөн маселелерге алып келди. Кызматтар иштебей калды», — деп айтылат маалыматта. Ошол эле учурда Facebook бул социалдык түйүндүн, ошондой эле Instagram менен WhatsApp’тын иштебей калышы колдонуучулардын маалыматтарынын ачыкка чыгышына алып келбегенине ишендирди.

Facebook, Instagram, WhatsApp жана компанияга таандык башка бир катар тиркемелер 4-октябрда дээрлик жети саат бою колдонуучулар үчүн жеткиликсиз болду. Бул Facebook үчүн анын тарыхындагы эң көп убакытка өчүрүү болгон. Болуп жаткан окуялардын жүрүшүндө социалдык тармактын акциялары дээрлик беш пайызга төмөндөп, анын негиздөөчүсү Марк Цукерберг дээрлик 7 миллиард доллар жоготту.