Facebook менен Instagram Дональд Трамптын жаап салган аккаунттарын кайра колдонууга берди

Facebook менен Instagram кечээ, 6-январда АКШнын президенти Дональд Трамптын Вашингтондогу нааразычылык акцияларынан кийин жаап салган аккаунттарын колдонууга берди.

Буга чейин Facebook социалдык тармагынын негиздөөчүсү Марк Цукерберг америкалык лидер президенттик кызматтан кеткен соң гана аккаунттарына кире аларын билдирген эле. “Президенттин биздин сервистерди колдонуусуна байланыштуу тобокелчиликтер өтө жогору болуп жатат. Анын аккаунттарын жаап салуу шайлоодо жеңип чыккан Жо Байденге бийликти тынч өткөрүп берүүнү камсыз кылуу үчүн керек болду”, — деген эле Цукерберг.

Азырынча жогорудагы эки социалдык тармактын администрациясы айтылган мөөнөттөн эрте кабыл алган чечими боюнча түшүндүрмө бере элек жана аккаунттардын ээси да азырынча үн ката элек. Трамптын Facebook менен Instagram’дагы баракчасында акыркы билдирүү 6-январда жарыяланган жана андан бери жаңы билдирүү илинбеген бойдон турат.

Буга чейин АКШ президентинин Facebook менен Instagram’дан тышкары Twitter менен Youtube’дагы аккаунттары жабылган эле. Мындан улам, аталган социалдык тармактар коомчулук тарабынан цензура кылып жатышат деп сынга кабыл алынган. Атүгүл эки күндүн ичинде Facebook менен Twitter рыноктогу баасынан жалпы 51 миллиард доллар жоготкон. Өз учурунда Twitter Трамптын аккаунтун биротоло жаап салганы маалым.