ЖМКлар Фетхуллах Гүлендин көз жумганын жазып жатышат

Түркияда жарыяланган ФЕТО террордук уюмунун лидери Фетхуллах Гүлен 1999-жылдан бери жашап жаткан АКШда каза болду. Бул тууралуу ТАСС жазды. 

83 жаштагы Гүлендин өлүмү тууралуу маалыматты анын жээни Эбуссеме Гүлен тастыктаганын CNN Turk кабарлады. Фетхуллах Гүлен 20-октябрда Пенсильвания штатындагы клиникалардын биринде каза болгон делип жатат. 

Буга чейин 2021-жылы да Түрк ЖМКлары анын АКШда каза болгонун жазып чыгышкан. 

Түрк бийлигинин маалыматына ылайык, 2016-жылдын 15-июлундагы аскердик төңкөрүш аракетинин артында Гүлен жана анын тарапташтары турган. Гүлендин тарапташтары бул дооматты четке кагып келет. Дүйнөнүн айрым өлкөлөрүндөгү Гүлен мектептери жабылган. Алмазбек Атамбаев президент болуп турган кезде мектептерди жабуу өтүнүчүн ачык четке каккан.