ФИФА ашпозчу Нусрет Гөкчеге (Salt Bae) карата иликтөөсүн баштады. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.
Уюм Катарда өткөн Дүйнөлүк чемпионаттын финалына ашпозчунун чыгып алышын иликтейт. Ал жакка тандалган адамдардын тобуна гана чыгууга уруксат, алардын ичине турнирдин жеңүүчүлөрү уюмдун расмий адамдарды жана мамлекет башчылары кирет. Кубокту да колуна жеңүүчүлөр менен мамлекет башчылары гана ала алышат.
Дүйнөлүк чемпионаттын финалында Нусрет Гөкче аргентиналык футболчулар менен, атүгүл кубок менен сүрөткө түшүүгө да үлгүргөн. Соцтармактагы баракчасына жарыяланган сүрөттөрдөн улам да ашпозчу сынга кабылды.
Астанада адам ойлонбой туруп, терезенин четинде отурган баланы куткарыш үчүн көп кабаттуу үйдүн чатырына чыкты. Маалыматка караганда, окуя Кордай көчөсүндө...