Филипп Киркоров биринчи жолу Алла Пугачеванын өлкөдөн чыгып кетиши тууралуу өз оюн билдирди

Буга чейин Филипп Киркоров мурдагы жубайы Алла Пугачеванын Израилге эмиграцияланышы боюнча комментарий берген эмес, бирок ырчы жаңы маегинде комментарий берген.

Ырчы Пугачева тууралуу терс пикир айткандарга кайрылып, аны аяп коюусун өтүнгөн. Анын пикиринде, ырчы айымга карата терс пикирлер айтылбашы керек. «Мен бир нерсени суранам — улуу ырчыны, аялды, энени жайына койгула. Ал бул өлкөнүн сыймыгы, биз баарыбыз анын ырлары менен өскөнбүз», — деди ал.

Киркоров Алла Пугачева менен он жыл бактылуу жашаганын белгиледи. «Мен бул аялды жакшы билем жана кайсы бир деңгээлде анын бул кылганын түшүнөм», — деди Филипп Киркоров.

Ырчы Алла Пугачева чет жерде узак убакыт жүрүп, Орусияга өткөн айда кайтып келген. Ал жолдошу Максим Галкин жана балдары менен Украинада атайын операция башталгандан кийин Орусиядан чыгып кеткен болчу. Соцтармакка тарап кеткен видеого ылайык, ырчы өлкөгө иштерин тартипке келтирүү үчүн келген. Бирок ырчы айым сентябрь айында кайрадан өлкөдөн чыгып кеткен.