Орусиянын Эл артисти, ырчы Филипп Киркоровдун атасы Бедрос Киркоров көз жумду. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасында жазды.
«18-мартта саат 15:37де атам, Орусиянын Эл артисти Бедрос Киркоров каза болду. Жүрөгүмдөн эч качан кетпейсиң. Үй-бүлөңүз менен өткөргөн ар бир көз ирмемди баалай билиңиз»,- деп жазды ал.
Бедрос Киркоров 1932-жылы 2-июнда Болгариянын Варна шаарында туулган.
Посмотреть эту публикацию в Instagram