Филиппиндеги катуу шамалдан 98 жаран каза болду (видео)

Филиппиндеги Nalgae шамалынан каза болгондордун саны 98ге жетти. Дагы 69 тургун жарадар болуп, 63ү дайынсыз болууда. Бул тууралуу Филиппиндин Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана башкаруу боюнча улуттук кеңешинин баяндамасында айтылат.

Жалпысынан бороондон 1,8 миллиондон ашык адам жабыркады. 4,1 миңден ашык үй жабыркап, анын 689у толугу менен талкаланган. Ошондой эле 37 инфраструктуралык объект жабыркап, 195 жол жана 72 көпүрө жарактан чыккан. 169 аймакта электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, 94 аймакта электр энергиясы калыбына келтирилген. 

Филиппинде 27-октябрда катуу жамгыр башталып, шамалдын ылдамдыгы 95 км/саатка жеткен. Алгачкы эки күндүн ичинде 70тен ашык адам каза болуп, 425 конуштагы билим берүү мекемелеринде сабактар ​​токтотулган.