Филиппинди каптаган тропикалык бороон-чапкын 4 миллион 230 миңден ашуун адамга кедергисин тийгизди. Табигый кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук кеңештин 5-ноябрда жарыялаган отчетуна ылайык, кырсыктан 155 адам каза болду.
Агенттиктин маалыматы боюнча, 1,01 миллион адам 1038 эвакуациялоо борборлорунда. 355,4 миңден ашуун адам үйлөрүн алдын ала таштап кетишкен. Кеминде 129 адам ар кандай жаракаттарды алса, 34ү дайынсыз жоголгон. Республиканын 13 облусунда суу ташкындары жана жер көчкүлөр катталган.
666 билим берүү мекемесинде сабактар, 223 ишканада иш токтотулду.