Филиппиндеги табият кырсыгынан 155 киши каза болду

Rescuers search for bodies at Maguindanao's Datu Odin Sinsuat town, southern Philippines on Sunday Oct. 30, 2022. Victims of a huge mudslide set off by Tropical Storm Nalgae in a coastal Philippine village that had once been devastated by a killer tsunami mistakenly thought a tidal wave was coming and ran to higher ground toward a mountain and were buried alive, an official said Sunday. (AP Photo)

Филиппинди каптаган тропикалык бороон-чапкын 4 миллион 230 миңден ашуун адамга кедергисин тийгизди.  Табигый кырсыктарды башкаруу боюнча улуттук кеңештин 5-ноябрда жарыялаган отчетуна ылайык, кырсыктан 155 адам каза болду.

Агенттиктин маалыматы боюнча, 1,01 миллион адам 1038 эвакуациялоо борборлорунда. 355,4 миңден ашуун адам үйлөрүн алдын ала таштап кетишкен. Кеминде 129 адам ар кандай жаракаттарды алса, 34ү дайынсыз жоголгон. Республиканын 13 облусунда суу ташкындары жана жер көчкүлөр катталган.

666 билим берүү мекемесинде сабактар​, 223 ишканада иш токтотулду.